Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:26

Коогада жабыркаган 219 адам дале компенсация ала элек


2010-жылдагы июнь окуяларынан жабыркаган 219 адамга алигиче акчалай компенсация берилбей жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова билдирди. Анын айтымында, коогалаңдан жабыркагандардын саны тууралуу да эки ача маалыматтар чыгып жатат. Маселен, 2010-жылы жалпы 1900 жабырлануучу бар делсе, быйыл жабырлануучулардын саны 1540ка түшкөн. Укук коргоочу жабырлануучуларга, анын ичинде бизнесинен айрылган ишкерлерге жардам көрсөтүүдө тиешелүү министрликтер бирдиктүү аракет көрбөй жатканын айтууда.

Социалдык өнүгүү министрлигинен “Азаттыкка” билдиришкендей, буга чейин акчалай компенсация жабырлануучулардын тизмесине ылайык гана берилген. Учурда паспорттору коогада жоголгон жабырлануучуларды документ менен камсыз кылуу аракети жүрүүдө. (BkA/KKs)

XS
SM
MD
LG