Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:08

Орусия Магнитский мыйзамы боюнча АКШга эскертүү берди


“Эгер Магнитскийдин мыйзамы АКШда күчүнө кире турган болсо, Орусия муну жоопсуз калтырбайт”, - деп билдирди бүгүн Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков. Анын айтымында, орус өкмөтү кечээ АКШнын Сенатынын комитети бул мыйзам долбоорун жактырганына өкүнүч билдирип эле тим болбойт, муну “өтө таң калыштуу” деп баалайт.

Ал долбоордо Магнитскийдин өлүмүнө тиешеси бар расмий өкүлдөргө виза бербөө жана алардын банк эсептерин камоо чаралары камтылган. Рябковдун айтымында, непада бул мыйзам күчүнө кирип калса, расмий Москва АКШга карата мындан да катаал чаралар менен жооп бергенге даяр.

Адвокат Сергей Магнитский 11 ай убактылуу кармоо абагында жаткандан кийин 2009-жылы көз жумган. Ал орусиялык расмий жетекчилерди коррупция үчүн айыптагандан кийин камалган болчу.

XS
SM
MD
LG