Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:47

Түлеевдин кармалышын иликтеген комиссия ишин аяктады


Депутат Нариман Түлеев кандай жагдайда кармалганын иликтеген комиссия өз ишин жыйынтыктады. Бул маалыматты комиссияга кирген депутаттардын бири Ыргал Кадыралиева “Азаттыкка” тастыктады. Комиссия кандай корутунду чыгарганы азырынча белгилүү боло элек. Бүгүн парламенттин түшкө чейинки жыйынында комиссия мүчөлөрүнүн бири Курманбек Осмонов Түлеевдин кармалышы боюнча маселени талкууга алууну сунуштаган.

Нариман Түлеев Бишкек мэри кезинде коррупциялык ишке барган деп айыпталып, эки күн мурда УКМКнын тергөө абагына камакка алган. (KKs)

XS
SM
MD
LG