Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:30

Пакистан: талиптер башы кесилген аскерлерди видеодон көрсөттү


Талиптер шаршембиде Ооганстандан кирип келген согушкерлер менен кагылышта кармалган пакистандык 17 аскерге тийешелүү делген адам баштарын көрсөтүштү. Кабарларга караганда, алардын баштары өткөн жекшембиде алынган. Видеодо баштар кызыл жаян кан болгон шейшептин үстүндө жатат, жанында колго түшүрүлгөн делген мылтыктарды кармаган бир нече бет капчан кишини көрүүгө болот. Пакистандын армиясы мурда жекшембинин түнүндөгү Жогорку Дир аймагындагы кагылышта 13 аскер набыт болуп, алардын жетөөсүнүн башы кесилген денеси табылганын, төртөө дайынсыз экендигин билдирген эле.

XS
SM
MD
LG