Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:06

Түркия Сирия менен чек арасына аскер жайгаштырды


Түрк расмий өкүлдөрү Сирия менен чек арага абадан коргонуучу жана ракета менен куралданган аскерлерди жайгаштыруусун сактануу жана алдын алуу чарасы деп түшүндүрүштү. Түрк тараптын бул кадамы алдында 22-июнда Сирия Түркиянын аскерий учагын атып түшүргөн эле.

Түрк өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган эки күн мурда Анкара мындан ары Сирия күчтөрүнүн чек араны бузуусу менен келише албасын, Сирия чек арасынан жакындаган кандай аскерий элемент болбосун, ал аскерий коркунуч катары бааланып, аскерий бута катары мамиле жасаларын эскерткен.

Эрдогандын ырастоосунда, Сирия тик учактары буга чейин Түркия чек арасын беш ирет бузган, бирок Анкара чара көргөн эмес.

Кабарларга караганда, Сирия күчтөрү Түркияга оогон качкындарды чек ара боюнда артиллериядан аткылаган учурлар болгон.(UE)

XS
SM
MD
LG