Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:09

29-июнга карата аба ырайы


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиришинче, 29-июнга чейин республиканын тоо этектеринде нөшөрлүү жаанга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт.

29-июнда Кыргызстандын айрым аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 27...32 градус ысык,
Талас, Баткен облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 26…31,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 8…13 градус, күндүз 20…25 градус ысык.
Нарында түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 19…24,
Тоолордо түнкүсүн -4…+1, ал эми күндүз 6…11 градус жылуу болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, эртең менен жана күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн 17…19, күндүз 30…32 градус ысык болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 27-июнда күндүз +21, 28-июндун таңында +19 градус болду. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG