Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:04

Өзбекстанда чек ара боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө


Өзбекстандын Фергана шаарында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр өтүүдө. Бул туралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Чек араларды делимитациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, бөлүмдүн жетекчиси Курбанбай Искандаров баштаган делегация 26-июнда Өзбекстанга жөнөп кеткен. Сүйлөшүүлөр 1-июлга чейин уланмакчы.

Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен 1378 чакырым чек аранын 320 чакырымы толук тактала элек. (KKs)

XS
SM
MD
LG