Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

Таш-Көмүр шаардык сотунун төрагасына иш козголду


Таш-Көмүр шаардык сотунун төрагасы Э.И. 8 миң сомдук пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. Натыйжада “акча талап кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Маалыматка ылайык, буга чейин бир жаран шаардык соттун төрагасы акча талап кылды деп тартип коргоо органдарына кайрылган. Азырынча шаардык соттун төрагасы менен байланышууга мүмкүн болбой жатат. (KKs)

XS
SM
MD
LG