Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:52

Ош мэри күч түзүмдөрүнүн коога боюнча отчетун сынга алды


Бүгүн Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов июнь окуялары тууралуу УКМК, ИИМ жана Башкы прокуратура биргелешип даярдаган отчет боюнча билдирүү таратты. Мелис Мырзакматов күч түзүмдөрүнүн отчетунда кандуу калабанын чыгыш себептери терең иликтенбегенин айткан. Мындан тышкары баяндамада улуттар аралык чатактын ички себептери жана чыныгы күнөөкөрлөрү так ачылып берилбегенин, Убактылуу өкмөт жетекчилеринин жоопкерчилиги каралбаганын сынга алган.

Президент Алмазбек Атамбаев июнь окуяларынын тизмегин калыбына келтирип, андагы ар бир учурду тактап чыгууну күч түзүмдөрүнө тапшырган болчу. Июнь айынын башында жарыяланган баяндамада кооганын чыгышына реваншисттик жана сепаратисттик күчтөрдүн таасири болгон деген корутунду чыгарылган. (KKs)

XS
SM
MD
LG