Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:04

Социалдык түйүндөрдө парламенттин тарашы үчүн кол топтолууда


"Фейсбук" социалдык түйүнүндө жарандык активисттер тобу “Кыргызстан жарандары парламенттин тарашы үчүн” деген атайын баракча ачышты. Анда “Өзгөрүүлөргө убакыт жетти. Кыргызстан бийлигинин башкы булагы – эл!” деп жазылган.

Демилгечилердин бири, журналист Константин Конкин “эл өкүлдөрүнүн пайдасыз иштеринен эл тажап бүттү. Парламент да өз жоопкерчилигин сезиши керек”, - деп эсептерин “Азаттыкка” билдирди.

Бул демилге алгач интернет аркылуу коомчулукка маалымдалып, андан соң Борбордук шайлоо комиссиясынын каттоосунан өтөт. Мыйзам боюнча, парламентти таратуу үчүн 300 миң кол топтолушу керек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG