Интерполдун Бишкектеги бюросу эл аралык издөөдө жүргөн Түркиянын жаранын Кыргызстандан кармады. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, 42 жаштагы Гурай Динч Түркиядагы бир катар кылмыштары үчүн изделип жаткан. Түрк жараны убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. (KKs)