Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:17

Сотторду тандоо кеңешинин курамы толукталды


Бүгүн Жогорку Кеңеш кезексиз сессиясында Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлүгүнө Ош облустук райондор аралык соттун судьясы Акматалы Алибаевди бекитти. Эки күн мурда кеңешке дагы үч жаңы мүчө шайланган болчу.

Апрель айында Сотторду тандоо кеңеши мыйзамга туура келбейт деген жүйө менен төрт судьянын мүчөлүгүн токтоткон.

Сотторду тандоо кеңешинин жалпы 24 мүчөсү бар. Бул кеңеш Жогорку Соттун, Конституциялык палатанын судьяларын тандамакчы. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG