Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:36

Жогорку Сотко талапкерлердин саны 22ге жетти


Жогорку Соттун судьялыгына талапкерлигин көрсөткөндөрдүн саны 22 адамга жетти. Бул тууралуу Сотторду тандоо кеңешинин басма сөз кызматы билдирүүдө. Талапкерлерден документтерди кабыл алуу 30-июнь күнү кечки саат алтыда аяктайт. Сотторду тандоо кеңеши талапкерлерди үч турдан турган сынактан өткөрөт.

Андан соң Жогорку Соттун 35 судьялык ордуна тандалган талапкерлерди президент карап чыгат. Соңунда парламент судьяларды шайлайт.

Былтыр Сотторду тандоо кеңеши Жогорку Соттун судьялыгына тандаган талапкерлердин айрымдары алгач президенттин, андан соң парламенттин кароосунан өтпөй калган болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG