Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Мьянма бийлиги өлкөнү Бирма деп атабоого чакырды


Мьянма бийлиги оппозиция лидери Аунг Сан Су Чиге өлкөнү Бирма эмес, расмий аталышы менен атоо керектигин эскертти. Мьянманын гезитинде жарык көргөн катта Шайлоо комиссиясы Су Чинин Демократия үчүн Улуттук Лигасы “Конституцияда көрсөтүлгөн аталышты пайдаланууга тийиш” деп жазат.

Европадагы сапары маалында Нобель тынчтык сыйлыгынын ээси, Су Чи бир нече ирет Бирма деп айткан. 1989-жылы өлкөнүн мурдагы аскерий бийлиги аны Мьянма кылып өзгөрткөн. Бирок оппозиция жана сүргүндөгү топтор каршылык иретинде Бирма деп атоону улантышкан. Бирма деген аталыш өлкөнү 1826-жылдан 1948-жылга чейин басып алган британдар тарабынан берилген.

XS
SM
MD
LG