Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:19

Рысалиев: "Монте Карлодогу" мушташтын күнөөкөрлөрү жазаланат


Бишкектеги "Монте Карло" эс алуу жайында ИИМ Академиясынын бүтүрүүчүлөрү катышкан мушташ боюнча иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу ички иштер министри Зарылбек Рысалиев парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Министр мушташтын күнөөкөрлөрү жазаланарын, ага катышканы айтылган 35 курсант тартип коргоо тармагынан четтетилерин билдирди.

ИИМ Академиясын аяктап жаткан курсанттардын мушташы 19-июндун түнүндө болгон. Күбөлөрдүн айтымында, мас абалындагы курсанттар өз ара мушташып, арачага түшкөн эс алуу жайынын күзөт кызматкерлерине да кол көтөрүшкөн. Бирок окуянын эртеси ИИМ Академиясы да, Ички иштер министрлиги да курсанттардын мушташка тиешеси жоктугун билдирген болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG