Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Грузия соту оппозиция лидеринин өтүнүчүн четке какты


Грузиянын соту оппозиция лидери Бидзина Иванишвилинин жарандыгын калыбына келтирүү өтүнүчүн четке какты. Бирок өлкөнүн жаңы мыйзамдарына ылайык, миллиардер Иванишвили Грузиядагы шайлоого катыша алат.

Буга чейин төмөнкү инстанциядагы сот ал өлкөнүн жарандык жөнүндөгү мыйзамын бузган деп, грузин паспортун тартып алуу чечимин чыгарган. Негиз катары Иванишвилинин француз паспортун алганы келтирилген. Оппозиционер өзү бул чечимди саясий деп атоодо. Ушул күздө президент Михаил Саакашвилинин партиясына атаандаш чыгуу чечимин жарыялагандан кийин ал шайлоого каражат чогултуу мыйзамын бузган деген жүйө менен он миллиондогон доллар айып пул төлөөгө милдеттендирилген.

28-июнда грузин парламенти өлкөдө кеминде 5 жылдан бери туруктуу жашаган Евробиримдиктин жарандарына саясий кызмат үчүн ат салышуу укугун берүү мыйзамын жактырган.

XS
SM
MD
LG