Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:21

Колорадо штатындагы токойдогу өрт эки адамдын өмүрүн алып кетти


Колорадо штатындагы токой өрттөн чыккан түтүн. 26-июнь, 2012.

Колорадо штатындагы токой өрттөн чыккан түтүн. 26-июнь, 2012.

Штаттын борбору Денвер шаарынан 80 чакырымдай аралыкта, 400 миңдей адам жашаган Колорадо Спрингс шаарынын батыш бөлүгүндө өрт жети миң гектар токойду ээледи.

Өрт каптаган аймакка кечээ АКШ президенти Барак Обама барып, Колорадого федералдык өкмөттүн жардамын убада кылды.

Обама өрттөн улам үй-жайын таштоого аргасыз болгондор үчүн АКШнын Кызыл Чырым комитети уюштурган утурумдук лагерде жашап жаткандар менен жолукту.

Федералдык тергөө бюросу учурда өрт кылмышкерлердин ишинин натыйжасы эмеспи деген маселени иликтөөдө. Өрттүн чыгыш себептери азырынча белгисиз.
(UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG