Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:30

Египетте бүгүн жаңы президент ант берүүдө


Өлкөнүн демократиялык жол менен шайланган туңгуч президенти Мухаммад Мурси парламентте эмес, Конституциялык соттун судьялары алдында ант берет. Анткени парламент ушул айдын башында Конституциялык сот тарабынан таратылган.

Расмий ант берер алдында, Мурси кечээ борбор Каирдин Тахрир аянтында он миңдеген адамдардын алдында ант берди. Чогулгандардын көпчүлүгү Мурсини президенттикке талапкер кылган “Мусулман агайиндер” кыймылынын жактоочулары болду.

Тахрир аянтындагы сөзүндө Мурси“президенттин ыйгарым укуктарынын бирин да бербей турганын убада кылды. Муну менен ал генералдарга президенттин бийлигин чектебөөнү эскерткендей болду.

Мусулмандар менен христиандарга кайрылган Мурси Египетти “жарандык, конституциялык жана улуттук” өлкөгө айлантууну убада кылды.

Бирок сөзүндө “Мусулман агайиндер” кыймылынын исламдык тартип орнотуу мүдөөсүнө токтолгон жок. (UE)

XS
SM
MD
LG