Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:55

Кыргызстан-Орусия кызматташтыгы талкууланды


Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы А.Баатырбеков Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин убактылуу жактоочусу Е.Терехин менен жолугушту.

29-июнда эки тарап өлкөлөрдүн кызматташуусу, келишимдерди ишке ашыруу, Кайра кайтаруу келишими тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Өз жарандарын башка өлкөдөн кайтарып алуу боюнча келишим Жогорку Кеңеште талкууланып, бир нече кемчиликтер айтылганын ырастаган А.Баатырбеков, эки өлкөнүн адистери бул маселени карап чыгыш керек деген оюн билдирди.

Орус элчилигинин иштери боюнча убактылуу жактоочу Е.Терехин КМШнын эркин соода аймагын түзүү келишимин ишке ашыруу үчүн өлкөдөгү ички жумуштарды жасоо тууралуу кеп салды.

Жолугушуу учурунда парламенттер аралык кызматташуу, Өзбекстандын ЖККУдан чыгуу токтомун да талкуулашты. (AKu)

XS
SM
MD
LG