Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:58

Сириядагы өткөөл саясий жараян боюнча план макулдашты


Улуттар Уюму менен Араб лигасынын чабарманы Кофи Аннандын Женевада ишемби күнкү жыйындан соң билдиргенине караганда, дүйнө державалары макулдашкан планга ылайык, Сириянын өткөөл өкмөтүнө азыркы режимдин мүчөлөрү да, оппозиция да кире алат.

Бирок Аннан кошумчалагандай, мына ушундай шартка адегенде тараптар көнүүсү керек.

АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Женева жыйынынан соң кабарчыларга план Сириянын Асаддан кийинки өкмөтүнө жол ачаарын, Асад бийликтен кетүүнү түшүнүүсү керектигин айтты.

Бирок Асаддын өнөктөшү - Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров план Сирия президентинин кызматтан чегинүүсүн сунуш кылбоосун, өлкөдө өткөөл саясий жараяндын багытын тышкы күчтөр эмес, сириялыктардын өзү чечүүсү зарылдыгын белгиледи.

Сирияда кан төгүү менен коштолгон жаңжаал он алтын айдан бери уланууда.

Ишембидеги кыянатчылыктардан активисттердин айтымында, кеминде он алты адамдын өмүрү кыйылды. (UE)

XS
SM
MD
LG