Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:26

Ош шаарында кошумча эки милиция бөлүмү курулат


Коопсуздукту сактоо максатында Амир-Темир кичи районунда жана Жапалак айыл башкармалыгына караштуу Кеӊеш айылында милиция үчүн эки имарат курулат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаардык мэриянын басма сөз катчысы Гүлжан Ажыматова билдирди.
-Буга чейин аталган жерлерде милиция бөлүмү болгон эмес. Бул аймактын жашоочулары шаардагы милицияга кайрылып келишкен.

Анын айтымында, республикалык бюджеттен бул үчүн жалпысынан 33 миллион сом каралган. Учурда имараттардын пайдубалдарын куруу иштери аяктап калды, милиция бөлүмдөрүн жыл аягына чейин бүтүрүү болжолдонууда. (TTo)

XS
SM
MD
LG