Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:03

Иран Евробиримдиктин мунай эмбаргосуна каршы турууну убада кылды


Иран Евробиримдиктин анын мунай өндүрүшүн бутага алган жана бүгүн күчүнө кирген санкциялардын таасирин азайткыдай чараларды көргөнүн билдирүүдө.

Тегерандын ырастоосунда, ал керектүү импорттук товарларды кампаларга жыйнап алды жана чет элдик валюта корунун көлөмү 150 миллиард долларга жетет.

Быйыл январда расмий жактырылган санкциялар Евробиримдикке мүчө өлкөлөргө Ирандан чийки мунайды жана мунай продуктуларын сатып алууга, ага катар мунай тарткан кемелерди камсыздандырууга тыюу салат.

Евробиримдик өлкөлөрүнө Ирандын мунай экспортунун 20% туура келчү.

Экономисттер бул санкциялар Ирандын ансыз деле алсырай түшкөн экономикасына дагы бир сокку уруп, өлкө мунай сатуудан алган кирешени жарымга кыскартарын айтышууда.

Эл аралык Энергия агенттигинин маалыматына караганда, жыл башынан бери Ирандын чийки мунай экспорту 40% азайган.

Евробиримдиктин Иранга каршы санкциялары аны шектүү өзөктүк программасынан, анын ичинде уран байытуудан баш тарттырууга багытталган. Мунай санкциясы - буга чейин колдонулган чаралардын эң катаалы. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG