Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:02

БУУ Тимбуктудагы күмбөздөрдүн талкаланышын айыптады


"Африканын батышындагы Мали өлкөсүндөгү Тимбукту шаарында байыркы исламдык мүрзөлөрдүн талкаланышы өзүн өзү такыр актабайт" деп билдирди
БУУнун баш катчысы Пан Ки Мун. Малинин түндүгүндөгү бул шаарды мындан үч ай мурда басып алган исламчылар туризмдин Мекеси саналган шаардагы тарыхый-архитектуралык маанидеги күмбөздөрдү исламга каршы келет деп жарыялап, эки күндүн ичинде жетөөсүн бузуп салышты. Исламчыл козголоңчулардын Ансар Дине же Динди коргоочулар тобу март айындагы төңкөрүштөн кийинки тоз-тополоңдо Малинин түндүгүн басып алган "ал-каидачыл" куралдуу топтордун катарына кирет. Тимбуктудагы талкалоону 2001-жылы Ооганстанда талиптер аскаларга чегилген байыркы Будда эстеликтерин жардырып жок кылган окуяга окшоштурушууда.

XS
SM
MD
LG