Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:03

БУУнун планы Сирияда сынга кабылды


Сирияда оппозиция да, мамлекеттик маалымат каражаттары да Бириккен улуттар уюмунун планын сынга алууда. Сириялык оппозициячыл "Улуттук кеңешинин төрагасы Бурхан Галиун бул планды "сириялыктар өз баш кесерлери менен сүйлөшүүнү сунуш этет" деп сынга алды. Ошол эле убакта Кеңештин маалымат катчысы Басма Кадмани "планда айрым оң элементтер бар" деди. Планды өкмөтчүл гезиттер сындап жатышат.

30-июнда Женевада өткөн эл аралык конференцияда Бириккен улуттар уюмунун атайын арчысы Кофи Аннандын Сирияда убактылуу өкмөт куроону сунуш эткен планы кабыл алынды. Бирок Орусиянын кийлигишүүсү менен анда Сириянын президентине өткөөл администрацияга киришине мүмкүнчүлүк калтырылды.

.

XS
SM
MD
LG