Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:17

Ооганстандын экономикасы дээрлик 5 пайызга өсөт


Дүйнөлүк банктын болжолунда Ооганстандын экономикасы 2025-жылга чейин жылына беш пайыздан өсүп турат. Жекшембидеги билдирүүсүндө банк эгер башкаруу талапка жооп бергендей болсо, өсүш дээрлик 7 пайызга жетиши мүмкүн экендиги айтылат.

Ооганстандын экономикалык келечеги тууралуу Токиодо өтө турган ири эл аралык конференциянын алдында Дүйнөлүк банктын Ооганстан боюнча баш өкүлү Боб Саум алдыдагы он жылда Ооганстанда көп мүмкүнчүлүктөр бар экендигин белгиледи.

Экономикасы жолго коюлса, өлкөнүн 3 триллион долларга бааланган кен-байлыктарынан келечекте казынага салык түрүндө миллиарддаган доллар түшүп турмакчы. Келерки аптадагы конференцияда эл аралык донорлордон жылына 4 миллиард доллар чогултуу аракети жасалат.

XS
SM
MD
LG