Линктер

жекшемби, 22-январь, 2017 Бишкек убактысы 00:18

Жогорку соттун судьялыгына 92 талапкер арыз берди


Бүгүн Сотторду тандоо кеңешинин жыйынында түшкөн документтер каралат жана оозеки сынактын убактысы белгиленет. Бул тууралуу “Азаттыкка” Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиев кабарлады. Анын айтымында, судьялар 3 баскычтуу сынак менен тандалат. Андан соң Жогорку Соттун 35 судьялык ордуна тандалган талапкерлерди президент карап чыгат. Соңунда парламент судьяларды шайлайт.

Былтыр Сотторду тандоо кеңеши Жогорку Соттун судьялыгына тандаган талапкерлердин айрымдары алгач президенттин, андан соң парламенттин кароосунан өтпөй калган болчу.(КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG