Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:49

Оштон Стамбулга учак каттай баштайт


Бул тууралуу эл аралык Ош аэропортунун директору Орозбек Калдаров “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, биринчи каттам 17-июлга белгиленип жатат. Жумасына үч жолу каттай турган учак жолунун акысы азырынча тактала элек. Бүгүн Түркиядан келген компания өкүлдөрү менен кайсы күндөрү, кандай учак каттай турганы жана башка маселелер такталмакчы.

Ушул эле күнү вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев Стамбул - Бишкек - Улан-Батор каттамы тууралуу маалымат берет. Улан-Баторго аба каттамын ачуу маселеси Монголия президенти Элбегдорж Цахиагийндин Кыргызстанга расмий сапары учурунда сүйлөшүлгөн. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG