Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:57

Өкмөт өкүлдөрү ушул жума Кумтөргө барат


Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов ушул аптада Кумтөр алтын кенине барып, абал менен таанышып келет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты. Премьерди коштоп бара турган топтун катарында Жогорку Кеңештин фракция жетекчилери, өкмөт мүчөлөрү жана кенди иштеткен “Центерра Голддун” өкүлдөрү болмокчу. Кумтөрдөгү экономикалык, экологиялык жагдай, кенди иштетүү боюнча канадалык инвестор менен келишимдин аткарылышы тууралуу өкмөт күзүндө Жогорку Кеңешке отчет берет.

Жогорку Кеңеш Кумтөр боюнча токтом кабыл алып, өкмөткө кендеги абалды кайрадан иликтеп чыгуу үчүн мамлекеттик комиссия түзүү тапшырмасын берген болчу. Өкмөт 29-июнда Кумтөрдөгү абалды иликтөөчү мамлекеттик комиссиянын курамын талкуулаган. (KЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG