Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:00

Тоого эс алганы чыккан эки адам сууга агып кетти


Чүйдүн Москва районунда тоого суунун жээгине барып эс алганы чыккан топтун ичинен экөө дарыяга агып кетти. Бирөө - 56 жаштагы аял. Анын сөөгү табылды, ал эми беш жашар баланы дагы эле издеп жатышат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" айтымында, 1-июлда түштөн кийин Ак-Суу капчыгайындагы Ак-Суу дарыясына эки адам агып кеткени жөнүндө маалымат түшкөн. Сөөгү табылган адам Москва районуна караштуу Беловодское айылынын тургуну 56 жаштагы Галина Зубрилова экени аныкталды. Ал эми аны менен чогуу баргандардын биринин небереси 2007-жылы туулган Андрей Александровду издөө бүгүн да уланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG