Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:19

Кипрдин карыз боюнча өтүнүчү талкууланат


Эл аралык валюта фондунун жана Европа борбордук банкынын өкүлдөрү бүгүн Кипрге барып, банк системасынын абалын жана өлкөгө финансылык жардам берүү мөөнөтүн талкуулашмакчы. Кипр Евробиримдиктен жана Валюта фондунан карыз сурап кайрылган бешинчи өлкө болуп калды.

Европа комиссиясындагы булактар ырастагандай, андай өтүнүч өткөн аптада түшкөн. Кипр бийлиги экономикалык проблемаларын кошуна Грекиядагы кризис менен байланыштырат. Карыз боюнча сүйлөшүүлөр Кипр Евробиримдикке 6 айга төрагалык кыла баштаган учурга туш келүүдө.

XS
SM
MD
LG