Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:05

Мексикада президенттик шайлоону Энрике Пена Нието жеңди


Мексикада президенттик шайлоону Революциялык партиянын талапкери Энрике Пена Нието жеңди. Алдын ала санактар көрсөткөндөй, ал добуштардын 38 пайызын алды.

70 жылдай Мексиканы башкарып, мындан 12 жыл мурун утулуп калган Революциялык партия, ошентип бийликке кайтып келүүдө. Солчул Андрес Лопес Обрадорго шайлоочулардын 31%, башкаруудагы Улуттук аракет партиясынын талапкери Жозефина Васкес Мотага 25% ишеним көрсөтүшкөн.

Президент Фелипе Калдерондун партиясы маңзат кылмыштуулуктун, зомбулуктун өсүшүнөн улам популярдуулугун жоготуп койгон. 2006-жылдан бери наркокартелдердин согушунан 50 миңдей киши каза тапкан. 112 миллиондуу Мексика калкынын 47% жакыр жашайт.

XS
SM
MD
LG