Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:37

Европада жумушсуздар көбөйдү


Евробиримдиктин статистикалык комитети евро мейкиндиктеги жумушсуздуктун көрсөткүчтөрүн жарыялады. Ага ылайык, май айында жумушсуздардын саны 11,1%түздү. Апрелде бул көрсөткүч 11 процент болчу. Жумушсуздардын саны боюнча биринчи орунда Испания турат – жалпы калктын 24,6% жумушу жоктор. Андан кийинки орунда Грекия жайгашкан. Жалпысынан майда орток валюта жүгүртүлгөн 17 өлкөдө 17,6 миллион киши жумушсуз катары катталган. Былтыркы жыл менен салыштырсак, бул – 1,6 миллионго көп.

XS
SM
MD
LG