Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:39

Стамбул - Бишкек - Улан-Батор алгачкы аба каттамы ачылат


Бүгүнтөн тарта “Түрк аба жолдору” компаниясынын учагы Стамбул - Бишкек - Улан-Батор каттамы аркылуу жүрө баштайт. Бул тууралуу кечээ, 2-июлда вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев маалымат жыйында билдирди. Учак жумасына үч жолу каттайт. Алгачкы каттамда мамлекеттик кызматкерлер жана журналисттерден турган 11 кыргызстандык учуп барат.

Жазында Монголиянын президенти Кыргызстанга расмий сапар менен келгенде Стамбулдан Бишкек аркылуу Улан-Баторго барчу каттам боюнча чечим кабыл алынган. Бирок Кыргызстандын транспорт жана байланыш министрлиги буга уруксат бербей жатканынан түрктөр Улан-Баторго Орусия аркылуу барчу каттамды ачмай болушкан. Маселегe өкмөт жетекчилиги кийлигишип, каттамга май айында уруксат берилген. (KЕ)

XS
SM
MD
LG