Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:14

"Эркиндик үнү": Улуттук гвардиянын аскери токмоктогон адам реанимацияда


Улуттук гвардиянын контракт негизинде кызмат өтөгөн аскери жана анын эки шериги 30-июндан 1-июлга караган түнү беш жаранды сабап салды деп шектелүүдө. Окуя Улуттук гвардиянын имаратынын алдында болгонун “Эркиндик үнү” укук коргоо борборунун юристи Асел Орозбаева “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, үч жаран жабыркап, бирөө оор абалда ооруканага жаткырылды. Жабыркагандардын бири Канат Абыкеевдин атасы Шакрет Абыкеевдин айтымында, баласынын жаагы сынып, башынан жараат алып Республикалык оорукананын реанимация бөлүмүнө жаткырылды.

Улуттук гвардиянын башчылыгы мындай окуянын орун алганын “Азаттыкка” тастыктап, чатакка катышкан аскер Руслан Баатырбек уулунун үстүнөн текшерүү башталганын, күнөөсү далилденсе аскердик кызматтан бошотулаарын билдирди. Учурда иликтөө иштери уланууда. (KE/BkA)

XS
SM
MD
LG