Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:48

Интерпол издеген адам Кыргызстандан табылды


Интерпол кылмышка шектүү деп издеп жаткан адам Кыргызстанда кармалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Ал адам Кыргызстанда жасалма паспорт менен 1972-жылы туулган Егор Гринн деген ат менен жүргөн. Бирок өз аты Ян Чкареули, Орусиянын жараны экени, 1974-жылы Түндүк Осетиянын Беслан шаарында туулганы, буга чейин Германия жана Орусияда бир нече жолу соттолгон адам экени аныкталды.

Оор кылмыш жасаганы үчүн жоопко тартылуудан качып, алты жылдан бери Кыргызстанда жашынып жүргөн.

Учурда ал милициянын убактылуу кармоочу жайында камакта. (RK)

XS
SM
MD
LG