Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:12

Жалал-Абадда ВИЧке акысыз текшерилүү башталды


Жалал-Абад облусунда ВИЧке акысыз текшерилүү боюнча бир айлык акция башталды. Каалоочулар бул вирус жуккан-жукпаганын текшерте алат жана алардын аты-жөнү купуя сакталат. СПИД илдети эмгек миграциясынан кайткандар менен аялдардын, жаштардын, баңгилердин арасында көп болууда. Эмгек көчкүндөрү оору көп жайылган Орусия менен Казакстандан жуктуруп келишүүдө. Жарым жылда ВИЧ менен 66 адам катталды. Алгачкы оорулуу пайда болгон 1994-жылдан бери облуста 18 адам бул айыккыс илдеттен көз жумган. Бул тууралу “Азаттыкка” облустук СПИД борборунун жетекчиси Элмира Сатарова билдирди.(YA/RK)

XS
SM
MD
LG