Эл аралык Валюта корунун билдиришинче, Кошмо Штаттарындагы экономикалык кайра жандануу жай жүрүп жатат жана алдыдагы жылдарда чоң өзгөрүү күтүлбөйт. Кордун болжолунда дүйнөдөгү эң ири экономика быйыл 2 пайызга, келерки жылы 2 жарым пайызга өсөт. Кор ошондой эле Европадагы каржылык кризис Европа Биримдигине товар экспорттогон америкалык корпорациялардын кирешесин төмөндөтүп, АКШнын экономикасына дагы терс таасирин тийгизиши мүмкүн экендигин эскертет.