Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:08

Пакистан Ооганстанга баруучу ташуу жолдорун кайра ачат


АКШнын мамкатчысы Хиллари Клинтон ноябрдан бери жабык турган, НАТО Ооганстанга курал-жарак ташыган жолдорду Пакистан кайра ачарын билдирди. НАТОнун Ооганстандагы операциялары үчүн чечүүчү мааниге ээ болгон бул жолдор ошол айда АКШнын абадан урган соккусунда калпыстык менен 24 пакистандык аскер набыт болгондон кийин жабылып калган эле. Клинтондун сөзүн Пакистандын маалымат министри Камар Замар Кайра бышыктады:

– Ооганстандагы өзгөрүүлөргө көмөк көрсөтүү үчүн өкмөттүн коргонуу комитети Пакистандан бул өлкөгө баруучу жер үстү менен өткөн байланыш тилкелерин кайра ачат. Комитет бул пайда табуунун эмес, биринчи кезекте суверендүүлүк принцибинин маселеси экендигин бышыктады.

3-июлда Вашингтондо сүйлөгөн Клинтон пакистандык аскерлердин өлүмү үчүн «өкүнүч» билдирди. Анын аралыгында пакистандык талиптер эгер НАТО Ооганстандагы аскерлерине кайра керек-жарак жеткире баштаса, НАТОнун жүк ташуучу машинелерине кол салып, айдоочуларын өлтүрөрүн эскертти.

XS
SM
MD
LG