Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:23

Көлдө Эңилчек коктусунан чыккан жаныбарлардан чума табылды


Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Эңилчек коктусунан чыккан суур жана башка жаныбарлардан чума илдети табылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Анын айтымында, учурда райондук комиссия окуя болгон жерде иштеп жатат. Жугуштуу оору бар болушу ыктымал деген жерде Каракол шаардык карантиндик өзгөчө кооптуу инфекция бөлүмү 25-майдан 2-июлга чейин иштеп, натыйжада чума бар экенин аныктаганы айтылууда.

Чума тез жайылуучу өтө оор, жугуштуу илдет. Адамзаттын тарыхында бул оору миллиондогон кишинин өмүрүн жалмаган учурлар болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG