3-июлдан баштап айдын аягына чейин Бишкектин ички иштер органдарынын участок боюнча инспекторлору элге отчет берет. Бул тууралуу "Азаттыкка" шаар милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты. Ар бир инспектор өзү жооптуу участок боюнча жасаган иши, планы, көйгөйлөрү жөнүндө тургундарга айтып, суроолоруна жооп берет. Негизинен биринчи жарым жылдык боюнча кеп болот. Мындай иш шаарда ар бир квартал, жарым жыл жана жыл аягында өткөрүлүп турат. (RK)