Линктер

шейшемби, 25-апрель, 2017 Бишкек убактысы 08:56

Иракта кайрадан базарда бомба жарылып, сегиз киши мерт болду


Ирактын түштүгүндөгү Зубадия шаарынын базарында машинеге коюлган бомба жарылып, сегиз киши мүрт кетти. Полициянын маалымдашынча, дагы жыйырмадан ашуун адам жараат алды.

3-июлда Иракта болгон бомба чабуулдарында кеминде 40 адам өлүп, жүзгө чукул адам жарадар болгон. Анын ичинде Дивания шаар базарында машинеге коюлган бомба 25 адамдын өмүрүн жалмап, 50дөй адамды жарадар кылган.

2006-2007-жылдардан бери Иракта куралдуу зобун-зордуктар бир кыйла азайган. Бирок кол салуулар өлкөнүн ар кайсы бөлүгү үчүн мүнөздүү көрүнүш.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG