Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:24

Германияда беш киши барымта чатагында өлдү


Германиянын түштүгүндөгү көп кабаттуу турак үйдө барымтага кармалган адамдарды бошотуу учурунда төрт киши жана куралчан барымтачы эркек окко учту. Окуя Карлруэ шаарында болду. Үй ээси, сот өкүлү жана кулпу алмаштырчу слесарь ижара акысын төлөбөгөн адамды батирден чыгарганы барганда, батирди ижарага алган адам аларды барымтага алганы айтылууда. Полиция чабуул жасагандан мурда батирди түтүн менен ыштаган, андан соң үйгө киргенде ок жеп өлгөн кишилерди тапкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG