Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:30

Сабиров: Мени УКМК кызматкерлери кармаган жок


Социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабиров аны УКМК кызматкерлери кармап кетти деген маалыматты четке какты. Мунун алдында акыйкатчы Турсунбек Акун Сабировдун жардамчысы коррупцияга шектелип кармалганына байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери министрди иш бөлмөсүнөн кармап кеткенин билдирген болчу.

"Азаттык" Сабиров менен байланышканда ал УКМК кызматкерлери министрликтин аппаратында иштегендердин бирөөсүн кармап кетишкенин, анын чоо-жайын биле электигин кабарлады. УКМКнын басма сөз катчысы Нурлан Токталиев окуя такталарын маалымдады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG