Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:27

Киевде оппозиция полиция менен кагылышты


Кечээ Украинада оппозиция активисттери орус тилинин расмий макамын жогорулаткан мыйзамга каршы Украин радасынын алдында митингге чыгып, алар менен полициянын ортосунда кагылышуу чыкты. Кеминде эки миңдин тегерегиндеги митингчилер полицияга суу бөтөлкөлөрүн, таякчаларды ыргытышты. Эки тараптан тең бири-бирине көздөн жаш чыгарчу газ атылды.

“Парламент мыйзам долбоорго добуш берүү менен украин тилине Конституцияга каршы келген, адамкерчиликке жатпаган жол менен тыюу салды”, - деди Украин оппозиция лидери, мурдагы парламент спикери Арсений Ятсенюк.

Шейшембиде кабыл алынган мыйзамга ылайык, орус жана башка элдер калктын он пайыздан көбүн түзгөн жерлерде аз улуттун тилин мамлекеттик украин тилиндей колдонууга болот. Бул мыйзамдын кабыл алынышына каршылык билдирип, кечээ Украин парламентинин төрагасы Владимир Литвин кызматынан кетээрин жарыялаган. (KKs/RK)

XS
SM
MD
LG