Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:11

Министр Сабиров күбө катары суракка чакырылды


Кыргызстандын Социалдык өнүктүрүү министри Равшанбек Сабиров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке күбө катары суракка чакырылды. Министрдин таңкы "Азаттыкка" айтымында, ага бүгүн эртең мененки саат тогузга күбө катары көрсөтмө берүүгө расмий чакыруу кагазы келди.

Министрдин үйүндө атайын кызмат тинтүү жүргүздү, аны кармап кетишти деген кабар кечээ кечинде айрым маалымат булактарында пайда болгон. Акыйкатчы Турсунбек Акун министрдин жардамчысы пара алды деп шектелип жатканын, ошого байланыштуу Сабировду кечээ иштеген жеринен кармап кетишкенин "Азаттыкка" кабарлаган. Министр өзү аны кармап кетишти деген маалыматты четке каккан. (RK)

XS
SM
MD
LG