Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:13

“Де-Факто” гезитин Илим Карыпбеков сатып алганы айтылууда


Белгилүү журналист Чолпон Орозобекова ээлик кылган “Де-Факто” гезитин медиаменеджер Илим Карыпбеков сатып алганы тууралуу ишенимдүү булактар кабарлады. Орозобекова да, Карыпбеков да бул фактыны тастыктаган да, төгүндөгөн да жок. Аталган гезит мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиев менен соттошуп, утулган соң жабылып калган болучу. Ал эми саясий куугунтукка кабылган Орозобекова үй-бүлөсү менен Швейцарияга көчүп кеткен эле. 2010-жылдан кийин “Де-Факто” кайра жарык көрүп келатат. Карыпбеков болсо К-News агенттигин ачкан. “Де-Факто” гезит жамааты бүгүнтөн тарта август ортосуна чейин жайкы танаписке тарады. (RK)

XS
SM
MD
LG