Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:41

Депутат менен соттошкон “Ачык саясат+” гезити сот чечимине макул эмес


Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 3-июлда “Ата Мекен” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин “Ачык саясат+” гезити боюнча доо арызын карап, канааттандырды. Бирок соттун бул чечимине макул болбогон гезит жамааты шаардык сотко кайрыла турганын билдирди. Алардын айтымында, сот "Ата Мекен" партиясынан чыгып кеткен депутат Өмүрбек Абдрахмановдун гезитке курган маегиндеги айрым фактыларды төгүндөөнү милдеттендирди.

“Бул депутат Абдрахмановдун маеги болгондуктан, аны гезит төгүндөй албайт ” - дейт гезиттин редактору Назгүл Мамытова.

Доо арызында Текебаев материалдык же моралдык чыгым төлөө талабын койгон эмес.

Ал эми Текебаев соттошкон “Азия ньюс” гезити "Ата Мекен" фракциясынын маалымат кызматынын айтымында, сотто 4 иш боюнча жеңилип, ага ээлик кылган “Учур” гезити төгүндөө жарыялоого мажбур болгон. “Фабула” гезити менен жарашууга барып, аталган гезит да өз кезегинде Өмүрбек Текебаевдин жана анын дүйнө салган инисинин дарегине айтылган маалыматтар жалган экендигин моюнга алып, кечирим сураган. “Алиби” гезити боюнча иш эртең, 6-июлда сотто каралат. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG