Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:21

Жогорку Сот судьялыгына талапкерлердин саны кыскарды


Сотторду тандоо кеңешинин басма сөз катчысы Адилет Султаналиевдин “Азаттыкка” айтымында, Жогорку Соттун судьялыгына талапкерлердин үчөө сынакка катышуудан баш тартып, арыздарын кайтарып алышты. Алар Ош облусундагы райондор аралык соттун судьясы Акматали Алибаев, транспорт прокурорунун улук жардамчысы Төлөгөн Албанов жана Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Бактыгүл Алымкулова. Акматали Алибаев Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү болгону үчүн сынакка катышуудан баш тартса, калган экөөнүн себептери көрсөтүлгөн эмес.

Сотторду тандоо кеңеши ушул жылдын 21-30-июнунда Жогорку Соттун судьялыгына талапкерлерден арыздарды кабыл алган. Бардыгы болуп сынакка катышууга 92 адам документ тапшырган. Калган 89 талапкер үчүн сынактын биринчи айлампасы 9-июлда башталат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG