Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:50

Азербайжанда журналистти мамлекетке чыккынчылык кылды деп айыпташууда


“Толиши садо” (же “Талыш добушу”) гезитинин редактору Хилал Мамедовго бийликтер “чыккынчылык кылды”, “этникалык, диний жек көрүүчүлүктү козутту” деп айып тагышканы кабарланууда. Аны 21-июнда “мыйзамсыз баңги затын сактаган” деп кармап кетишкен. Анын гезити фарсы тилинин бир бөлүгү катары белгилүү талыш тилинде басылчу. Адам укугун коргоочулар журналистти саясий себептерден эле кармашты деп ишенишет. Хилал Мамедов жакында эле YouTube сайтында өтөт популярдуу болуп кеткен "Давай, до свидания!" деген ырдын да автору экени белгилүү. Азербайжандагы талыш азчылыгынын лидери, аталган гезиттин мурдагы редактору Новрузали Мамедовду “Иранга тыңчылык кылган” деп 10 жылга түрмөгө отургузушкан. 2009-жылы ал түрмөдө каза болгон эле.

XS
SM
MD
LG