Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:26

УКМК: Министр Равшанбек Сабиров камакка алынды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети социалдык өнүктүрүү министри Равшанбек Сабировду кылмышка шектүү катары камакка алды. Мындан мурдарак аталган мекеменин маалымат катчысы Нурлан Токталиев министр сурак берип жатканын “Азаттыкка” кабарлаган эле.

Кыргызстандын социалдык өнүктүрүү министринин жардамчысы 10 миң доллар пара алып жаткан жеринен 4-июлда кармалып, учурда ал УКМКнын тергөө абагында отурганын аталган мекемеден бүгүн эртең менен кабарлашкан.

Министрдин жардамчысы акчаны Равшанбек Сабировдун түздөн-түз көрсөтмөсү боюнча алганын, ага чейин да 5 миң доллар пара алганын тергөөчүгө айтканы кабарланууда. Бул акча Кыргызстандан бала асырап алуу маселелери менен алектенген чет өлкөлүк компанияга ишке уруксат берүү үчүн талап кылынган.

Ачылган кылмыш иш боюнча шектүү адам катары Равшанбек Сабиров УКМКнын убактылуу кармоо жайында кармалууда. Кечээ Равшанбек Сабировдун иш ордунда жана үйүндө тинтүү жүргөн. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG